Путин Орусиянын Украина боюнча күтүлбөгөн позициясыны ачыктады

-1

Орусия Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна каршы эмес. Бул тууралуу президент Владимир Путин бүгүн, 17-июнда Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда сүйлөп жатып билдирди.

«НАТОдон айырмаланып, Евробиримдик аскердик уюм же саясий блок эмес. Ошондуктан, ага каршы эч нерсебиз жок (Украинанын Евробиримдикке кирүүсү – ред.). “Экономикалык биримдикке кирүү же кирбөө ар бир мамлекеттин суверендүү чечими”, - деди Путин.

Ал мунун алар үчүн канчалык ылайыктуу экенин Евробиримдик мамлекеттери өздөрү аныкташы керектигин баса белгиледи.

«Бул Украинага пайда алып келеби же зыян келтиреби, бул алар үчүн, бүгүнкү Украина элинин жана украин жетекчилигинин иши. Бирок Украинанын экономикасынын структурасы абдан чоң субсидияларды талап кылгандай. Эгерде ички рынок корголбосо, менимче, Украина жарым колониялык мамлекетке айланат», - деди ал.

Путиндин айтымында, Украина учурдагы чыгашалар үчүн олуттуу колдоо алат, бирок «бул жоголгон учак өнөр жайын, кеме курууну, электроника жана башка маанилүү тармактарды калыбына келтирүүгө алып келиши күмөн». Ал эми европалыктар өздөрүнө атаандаш түзүшпөйт.


«Бул биздин иш эмес, биз буга эч качан каршы болгон эмеспиз. Бирок биз Украинанын аскерий жактан өнүгүшүнө ар дайым каршы болуп келгенбиз, анткени бул биздин коопсуздугубузга коркунуч туудурат», - деди ал.


Бүгүн, 17-июнда эртең менен Еврокомиссия Украинага Евробиримдикке талапкер статусун берүүнү сунуштады.

Окшош жаңылыктар

Комментарии (0)

Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив



X

Instagram

Instagram баракчабызга катталыңыз