Өзбекстан 44-Дүйнөлүк шахмат олимпиадасынын чемпиону болду

0

 Индиянын Ченнай шаарында өтүп жаткан 44-Дүйнөлүк шахмат олимпиадасынын акыркы 11-турунда Өзбекстандын курама командасы Голландия курама командасын жеңип, Олимпиада чемпиону аталды.

Өзбекстан тарыхта биринчи жолу шахмат олимпиадасында алтын медалга ээ болду. Ошондой эле Өзбекстандын курама командасы бул Олимпиадада бир жолу да утулбаган жалгыз команда болду.

Ченнай шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасынын акыркы турунда Өзбекстандын эркектер командасы Голландия курама командасын жеңип алды.

Жалгыз жеңиш Жахангир Вахидовго таандык. Жахангир Вахидов Өзбекстанга көптөн күткөн чемпиондукту Макс Вармердам менен беттешип алып келди.

Өзбекстандын курама командасынын намысын коргогон дагы бир шахматчы - Нодирбек Якуббоев Йорден ван Форест менен акыркы оюнда компромисстик жолду тандады.

Өзбекстан курама командасынын мүчөсү Нодирбек Абдусаттаров атаандашы Аниш Кумар Гири менен компромиссти тандады. Ошондой эле Жавахир Синдоров Бок Бенджаминг менен болгон жолугушууда тең чыгууга кол койду.

Өзбекстан Голландия курама командасын 2,5:1,5 эсебинде жеңди.

Маалымат үчүн айта кетсек, Өзбекстандын өкүлдөрү 1992-жылы Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасында күмүш медаль тагынышкан.

Окшош жаңылыктар

Комментарии (0)

Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив



X

Instagram

Instagram баракчабызга катталыңыз