Кытай АКШнын Тайванга сапарына катуу жооп кайтарды

0

 Кытай өкмөтүнүн Корей жарым аралы боюнча атайын өкүлү Лю Сяомин өзүнүн Твиттердеги баракчасына АКШ Конгрессинин делегациясынын Тайванга жасаган сапарына катуу реакция жасады.

«Бул от менен ойногондой өтө коркунучтуу кадам. Ал эми өрт менен ойногондор андан өлүшөт», - деди ал.

Дипломат белгилегендей, Пекин Вашингтонду өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүнү токтотуп, «бир Кытай» саясатын карманууга үндөйт.

Кытайдын кайра биригишине жол бербөөгө аракет кылган ар бир адам 1,4 миллиарддан ашуун жаран тарабынан жасалган "улуу болот дубалга" туш болот, деди ал.

Буга чейин 14-августта сенатор Эд Марки жетектеген АКШ Конгрессинин делегациясы Тайванга эки күндүк иш сапары менен келген. Тайванга Марктан тышкары дагы төрт сенатор келди. Америкалык саясатчылар аралдын президенти Цай Инвэн менен жолугушат. Жолугушуу 15-августта эртең менен болот.

Окшош жаңылыктар

Комментарии (0)

Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив



X

Instagram

Instagram баракчабызга катталыңыз